«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралатКыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү нотариалдык тариздөө үчүн мамлекеттик алым төмөндөтүлдүОоганстан БА үчүн башкы террордук коркунуч бойдон калууда — КМШ АТББир кварталда банктардын кассалары аркылуу дээрлик 3,8 трлн сом өткөн
Батумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
22.10.2026 | 10:49

22–23-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын Батуми шаарына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Сапардын жүрүшүндө Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.
Жолугушууда тараптар аймактар аралык жана эл аралык маселелерди, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Грузиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Грузия, Жээнбек Кулубаев