Чүй облусунда 1250 гектар жерде зыянкеч чегирткелер аныкталдыСтуденттерге контракттык окуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталдыДепутат мэриянын «Өлбөс полктун» уюштуруучуларын тоготпой жатканына нааразы болдуҮч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери жүрүүдөСадыр Жапаров Тогонун премьерин кабыл алды: африкалык республиканын өкмөт башчысы аскерлер менен кыргызча саламдаштыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Макаону 15:0 эсебинде жеңди
Кыргызстанга Польшадан медицина кызматкерлери келди
19.04.2020 | 19:20
Бүгүн, 19-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Кыргызстанга Польшадан 8 медицина кызматкери келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Польшалык медиктер атамекендик медициналык кызматкерлерге Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт.
Эки өлкөнүн адистери аталган багытта топтолгон маалыматы менен бөлүшүп, тажрыйба алмашышат.
19-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылып, алпы республика боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 554 кишиге жетти. ооруну жуктуруп алга 5 адам аза болгон.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом