ЕБге кирүү Түркия үчүн мындан ары артыкчылыктуу максат эмес — ЭрдоганКыргызстанда жер көчкү коркунучун азайтуунун жаңы ыкмалары колдонулуудаКыргызстан Кытайдан күйүүчү май жеткирүүнү көбөйтүүгө кызыкдар — Министрлер кабинети18-август: айрым жерлерде өткүн өтөтЭмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышат
Акжол Махмудовдун атаандашын 31 секундда жеңди. Беттештин видеосу
04.10.2023 | 13:18
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) Азия оюндарынын финалына чыгып, алтын байге үчүн күрөшө турган болду.
Махмудов таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи кармашында камбожалык Сопхак Кео менен күрөшкөн. Акжол Махмудов 31 секундда атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.
Ал эми жарым финалда казакстандык Азат Садыков менен кез келип, аны 9:0 эсебинде утту.
Алтын үчүн беттеште Махмудов ирандык Амин Кавиянинежад менен күрөшөт.
Эскерте кетсек, Акжол Махмудов быйыл Азия оюндарына экичи ирет катышып жатат. Биринчи жолу, 2018-жылы Азия оюндары Индонезияда өткөндө катышып, Махмудов финалга чейин жеткен. Финалдык беттеште ал ирандык Мохаммадали Гераиге жеңилип, күмүш байге тагынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз