«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» долбоору 4 миллиард адамды бириктирет

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» долбоору 4 миллиард адамды бириктирет

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» долбоору 4 миллиард адамды бириктирет. Бул тууралуу Садыр Жапаров Баку шаарында БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитинде билдирди.

Ал эл аралык транспорттук коридорлорду диверсификациялоонун зарылдыгы Кыргызстан үчүн актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун стратегиялык долбоору өзгөчө мааниге ээ. Бул мега-долбоорду кыска жол менен ишке ашыруу биздин аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгат, болжол менен 4 миллиард адамды бириктирет, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына, Иранга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага ташуулардын географиясын кеңейтет», — деди ал.

Садыр Жапаровдун айтымында,  Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия каттамы менен андан ары Европа өлкөлөрүнө, ошондой эле Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран каттамы боюнча Сауд Аравиясына жүктөрдү ташууну уюштурулууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>