Эмне үчүн аялдар эркектерден көп жашайт? Дарыгердин жообу

Эмне үчүн аялдар эркектерден көп жашайт? Дарыгердин жообу

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, адамдын жашоосунун узактыгы орто эсеп менен 72 жылды түзөт. Бирок аялдар эркектерге караганда узагыраак жашайт. Буга чейин муну эркектердин спирт ичимдигине, чылымга жана баңгизатка жакындыгы менен байланыштырып келишкен.

Эндокринолог дарыгер Зухра Павлова эмне үчүн аялдар эркектерге караганда көп жашай тургандыгынын себебин түшүндүрдү.

Дарыгердин айтымында, бардык маселелер гомондорго барып такалат.

“Гормондордун белгилүү бир баланста болгону аялдардын организмине оң таасирин берет жана жүрөк кан тамырлар системасынын иштешин жогорулатат. Аялдар өздөрүнүн эмоционалдуулугу менен көп кыйынчылыктардан жеңил чыга алышат. Мисалы, ыйлап стресс гормондорун чыгарып алышат”, — дейт эндокринолог.

Ошондой эле, дарыгер аялдардын узак жашашынын себебин көптөгөн теориялар түшүндүрөрүн жана расмий версиялар жок экенин билдирди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>