Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда ири бизнес баштоого даяр

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда ири бизнес баштоого даяр

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева менен депутат Карим Ханжеза Кытайдан келген ири бизнес корпорациялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга машина куруу, транспорт, агроөнөр жай продукциясын өндүрүү, айыл чарба, электромобилдерди чыгаруу тармагындагы ар кандай ишканалардын жетекчилери катышты.

“Кытайдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү өздөрүнүн инвестициялык долбоорлорун тааныштырышып, биздин өлкөдө ири бизнес долбоорлорду түзүп, аны ишке ашырууга жана Кыргызстан аркылуу Борбор Азия рыногуна чыгууга даяр экендиктерин билдиришти”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>