Лазат Нуркожоеванын жигити 3-августка чейин камалды

Лазат Нуркожоеванын жигити 3-августка чейин камалды

Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков 3-августка чейин тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Сот 6-июлда анын бөгөт чарасын караган. Бирок анын кармалганы тууралуу маалымат 9-июлда гана маалым болду.

Афтандил Сабырбеков Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-пункту боюнча (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) шектелүүдө.

Бул берене боюнча мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген.

Лазат Нуркожоева жигити тууралуу азырынча эч кандай билдирүү жасай элек. Ал эми Оруу-Сайда колун сураган кезде тартылган видеолорду президенттин кечирим суроосунан кийин өчүргөн.

Президенттик администрация Лазат Нуркожоеванын жигити кармалганын таксыктады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>