“Мадина” базарынын доллар менен гана соода кылганы сынга кабылды

“Мадина” базарынын доллар менен гана соода кылганы сынга кабылды

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов  Бишкек шаарындагы “Мадина” базарындагы ишкерлердин доллар менен гана соода кылып жатканын сынга алды.

Ал ишкер Динара Дүйшөбаевага кайрылып “Мадина” базарында эле кытайдын кездемелери сатылабы деп суроо салды.

Ал эми  “Диля Мода” компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Динара Дүйшөбаева “Дордой” базарында түркиялык ишкерлер тарабынан кездеме сатылып жатканын билдирди.

“Эмне себептен бир базар  кездемедеги бааларды таңуулайт. Бул боюнча ишкерлер кайрылып жатышат. “Мадина” базары доллар менен гана соода кылышат. Биякта эмне мынча монополия? Мамлекет коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөргө бара албайбы эмне? Буга атаандаш альтернатива качан болот? Эгерде буга альтернатива жок болсо, алар жогорку баада кездемелерин сата беришет. Биз өнүгүшүбүз керек, дайым эле кредит менен жашайбызбы? “Мадина” өз баасын таңуулап жатабы? Дагы таңуулай беришет”-деди депутат.

Ушул тапта Жогорку Кеңеште “Ынтымак” фракциясынын жыйыны болуп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>