Араван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштарыКыргызстанда газ үчүн төлөмдү кайсы күнгө чейин төлөө керектиги эскертилдиКыргызстанда мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу шарттары өзгөртүлдү
Амангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алды
30.09.2026 | 14:32
Бүгүн, 30-сентябрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкек шаарында жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алды. Иш-чара 1-октябрь — Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган.
Данияр Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколова менен жолукту. Аларга Минкаб төрагасынын атынан белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлгөн.
Социалдык фонддун маалыматына ылайык, учурда республика боюнча 100 жаштан ашкан 178 жаран жашайт. Алардын ичинен 21 адам Бишкек шаарында катталган.
Улгайган адамдардын эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленип, улуу муун өкүлдөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоо максатын көздөйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Данияр Амангельдиев


