Ысык-Көлдө Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылат

29.09.2026 | 15:25
Ысык-Көлдө Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылат — Новости Кыргызстана

30-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда Махмуд Кашгари Барсканинин өмүрүнө жана илимий мурасына арналган туруктуу экспозиция ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Экспозициянын негизги бөлүгү XI кылымда жазылган «Дивану лугат ат-түрк» эмгегине арналат. Бул эмгекте түрк элдеринин тили, тарыхы, географиясы, этнографиясы, салт-санаасы жана оозеки чыгармачылыгы боюнча маалыматтар камтылган.

Көргөзмөгө Махмуд Кашгаринин илимий мурасын чагылдырган жазма булактар, дүйнө картасы, археологиялык табылгалар жана мультимедиалык материалдар коюлат. Ошондой эле Өзгөн музейинин фонддорунан алынган Карахандар дооруна таандык түп нуска буюмдар көрсөтүлөт.

Министрлик экспозицияны Ысык-Көлдө уюштуруу Махмуд Кашгари Барсканинин өмүрү жана мурасы менен байланышкан Барскан аймагынын тарыхый-маданий маанисин таанытууга, ошондой эле «Дивану лугат ат-түрк» эмгегин изилдөөгө багытталганын билдирди.

Scroll to Top