Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Ысык-Көлгө 800 миң карп-сазан балыгынын чабагы коё берилди
28.09.2026 | 16:23

Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга жалпы 800 миң даана карп-сазан балыгынын чабагы коё берилди. Иш-чараны Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы бөлүмү ишке ашырган.
Иш-чарага Туристтик-экологиялык милициянын, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун, Тоң райондук ветеринардык башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышкан.
Балыктын чабактары төмөнкү аймактарга коё берилген:
- Караталаа айылындагы 7-участокко — 200 миң даана;
- Тоң айылындагы 15-участокко — 200 миң даана;
- Тосор айылындагы 19-участокко — 200 миң даана;
- 40-участокко — 200 миң даана.
Министрлик бул иштер Ысык-Көлдүн балык ресурстарын көбөйтүү жана көлдүн экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо максатында жасалганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом