И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетининде 19-декабрда төртүнчү ирет «Кыргыз-Корей IT 2024» конференциясы жана «FabLab Бишкек MAKE-A-THON 2024» сынагы болуп өттү.
Аталган иш-чара Сеулдун эл аралык SIFO достук уюмунун, FabLab лабараториясы, И.Раззаков атындагы КМТУ жана Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан уюштурулду.
Конференциянын максаты — Кыргызстандын санариптик өндүрүшүндөгү жетишкендиктерди көрсөтүү жана анын келечектеги өнүгүүсү боюнча сунуштарды талкуулоо, ошондой эле «Климаттын өзгөрүшүнө тийгизген таасирин азайтуу» темасында долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстандын келечегине багытталган инновациялык пландарды түзүү болуп саналат.
Конференцияга президенттин аппаратынын, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана IT компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Кореянын эл аралык достук уюму (KOICA) 2019-жылдан бери КМТУ менен «FabLab Бишкекти» өнүктүрүү боюнча иштеп жатат. Долбоор «2019-2024 Бишкекти өнүктүрүү» программасынын алкагында ишке ашырылууда.
FabLab долбоору өндүрүштүк кадрларды даярдоо жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жардам берет.