Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Подполковник Алмаз Исаков Чүйдүн башчысынын жардамчысы болду
04.07.2023 | 14:34
Милициянын подполковниги Алмаз Исаков Чүй облусунун башчысынын жардамчысы болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Алмаз Исаков буга чейин Талас облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Аталган кызматка ал быйыл февраль айында дайындалган.
Ошондой эле, ал мындан мурда Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын жетекчиси болгон.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун башчысы кызматында буга чейин укук оргоо органдарында иштеген Канат Жумагазиев иштейт.
Президент Чүйдөгү өкүлүн, Сокулуктун акимин иштен алууну тапшырды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом