«Тазалык» ишканасы өзүнүн милдетин аткарып Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалай алган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев билдирди.
Ал шаардын көчөлөрү кардан тазаланбай, мектеп окуучулары менен жарандар жумушка кечиккенин айтты.
«Манас көчөсүнө гана туз сепкени болбосо башка көчөлөр кардан тазаланган жок. 12-декабрь күнү баарыбыз жумушка кечиктик. «Тазалыктын» башчысы Рамиз Алиев блогер болбой ишин аткарсын, же кетсин» — деди депутат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз