Нарында дээрлик 5 чакырымды түзгөн «Куланак» каналынын курулушу жүрүүдө

Нарын облусунда узундугу 4,9 чакырымды түзгөн «Куланак» каналынын курулушу жүрүүдө. Бүгүн, 17-июнда, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков объектинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Канал ишке киргенде 5 миң 81 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуу жакшырат. Каналдын суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 7,5 куб метрди түзөт.
Ал эми долбоордун экинчи этабында 34 чакырым каналды реабилитациялоо жана кошумча 10 чакырым жаңы канал куруу каралган. Министрлик бул иштердин натыйжасында 2 миң 120 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, жалпы сугат аянты 7 миң 221 гектарга жетерин билдирди.
Эрлист Акунбеков ирригациялык тутумду жаңылоо аймактын агрардык тармагын өнүктүрүү үчүн зарыл экенин белгилеп, иштерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырган.