Марипов: Санариптештирүү — бул глобалдык процесс, жаңы доор

Марипов: Санариптештирүү — бул глобалдык процесс, жаңы доор

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов санариптештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

«Санариптештирүү — бул глобалдык процесс, жаңы доор. Бүгүнкү күндө санариптештирүү дүйнөлүк тренддердин бири болуп саналат, ал эми жаңы санариптик технологияларды ишке киргизүү тажрыйбасы күн сайын күч алууда. Заманбап санариптик технологияларды пайдалануу маанилүү жана актуалдуу процесс болуп жаткандыгын жалпыбыз түшүнүп турабыз. Атап айтканда, келечекте дүйнөлүк атаандаштык мейкиндигинде татыктуу орун ээлөө үчүн жаңы чет элдик рынокторго чыгуубуз зарыл», — деген Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, мамлекеттин негизги максаты – жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен элге кызмат кылуу.

«Тажрыйба көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө өлкөдөгү санариптештирүү процесси кыйынчылыктарга туш келүүдө. Буга мамлекеттик тейлөө алуудагы бюрократияга байланыштуу жарандардан түшүп жаткан сын-пикирлер далил болот. Абалды жакшыртуу максатында кардарга багытталган чөйрөнү түзүүнү караган «Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдарга санариптик экономикасы» жаңы концепцисынын үстүндө иш башталды. Базалык жана инфраструктуралык долбоорлорду унутта калтырууга болбойт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында жазылган жана калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ишкер субьектилерин коргоого жана колдоого алууга багытталган бир катар максаттарга жетишүүгө өзгөчө басым жасоо зарыл», — деп белгилеген Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин Төрагасы каралып жаткан документте мамлекеттин күч-аракетин активдештирүү зарыл эсептелген негизги артыкчылыктар так белгилениши тийиш экендигин белгилеген.

«Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдарга санариптик экономикасы» концепцисынын бетачарынын жүрүшүндө белгиленгендей, документ өзүнө санариптик билим берүү жана МКТ тармагындагы адамдык капиталды өнүктүрүү, туруктуу санариптик инфраструктураны түзүү, «e-Gov Электрондук өкмөтүн» куруу, санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүү сыяктуу негизги багыттарды камтый турганы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>