Таксилердин өз алдынча көтөрүп алышкан баалары түшүрүлдү. Кайгуул кызматы иш алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, эртеңки Айт күнүнө байланыштуу алыска аймактарга каттаган маршурттук унаалар жана жеңил жеке менчик таксилер өз алдынча баасын көтөрүп алышкан. Айрыкча Авто бекеттеги Бишкек-Талас, Бишкек-Көл, Бишкек-Нарынга каттаган маршурттук таксилердин айтка карата койгон баалары жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгын күчөткөн.
Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү «Ак-жол»автобекетинин директору менен биргеликте айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кырдаалды жөнгө салды.
Азыркы учурда баалар түшүп, кырдаал туруктуу.