Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Маршруттук таксилер аймактарга бааны көтөрүп алган. Милиция текшерүүгө алды
01.05.2022 | 18:57
Таксилердин өз алдынча көтөрүп алышкан баалары түшүрүлдү. Кайгуул кызматы иш алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, эртеңки Айт күнүнө байланыштуу алыска аймактарга каттаган маршурттук унаалар жана жеңил жеке менчик таксилер өз алдынча баасын көтөрүп алышкан. Айрыкча Авто бекеттеги Бишкек-Талас, Бишкек-Көл, Бишкек-Нарынга каттаган маршурттук таксилердин айтка карата койгон баалары жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгын күчөткөн.
Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү “Ак-жол”автобекетинин директору менен биргеликте айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кырдаалды жөнгө салды.
Азыркы учурда баалар түшүп, кырдаал туруктуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом