MBANK дүйнөлүк деңгээлде таанылды: S&P Кыргызстандын биринчи санарип банкынын ишенимдүүлүгүн тастыктады!

S&P Global Ratings эл аралык алдыңкы рейтинг агенттиги «МБанк» ААКсына «B+/B» деңгээлинде кредиттик рейтинг ыйгарды. «B+/B» рейтинги — бүгүнкү күндө Кыргызстандын банктары үчүн жетүүгө мүмкүн болгон эң жогорку көрсөткүч. MBANK расмий түрдө өлкөнүн эгемендүү рейтингинин деңгээлине жетишти. Бул банктынын ишенимдүүлүгү, технологиялары жана иш стандарттары дүйнөдөгү алдыңкы рейтинг агенттиги тарабынан жогору бааланганын тастыктайт.
- Элдин ишеними жана финтех тармагындагы лидерлик
MBANK Кыргызстандын алдыңкы санарип финтех-экосистемасы катары инновациялык санарип чечимдерди жана заманбап кызматтарды сунуштап, банктык тейлөөнүн жаңы стандарттарын калыптандырууда. Банк өлкөнүн каржы рыногундагы эң таанымал бренддердин бири. Ыңгайлуу мобилдик колдонмосунун аркасында MBANK эң ири кардарлар базасын түзүп, колдонуучулардын саны боюнча абсолюттук лидерлигин сактап келет. S&P Global Ratings банктын чекене банк кызматтары сегментиндеги лидерлигин мындан ары да бекемдей турганын белгилейт.
- Бизнестин масштабы жана системалык мааниси
MBANK 105 млрд сомдук кредит портфели менен өлкөнүн кредиттөө рыногунда алдыңкы орунду ээлейт. S&P Global Ratings эксперттери MBANKтын Кыргызстандын каржы системасы үчүн жогорку системалык мааниге ээ экенин белгилешет.
- Каражаттардын коопсуздугу
S&P эксперттери банктын эркин каражаттарынын көлөмү чоң жана ликвиддүүлүк деңгээли жогору экенин ырасташты. Кардарлардын каражаттары ишенимдүү корголгон, ал эми тең салмактуу бизнес-модель банкты рыноктогу ар кандай тобокелдиктерден коргойт.
- Аманатчылардын жогорку ишеними
Жарандар жана бизнес өкүлдөрү өз каражаттарын сактоо үчүн MBANKты тандашат. Бул брендге болгон жогорку ишенимдин, банктын каржылык туруктуулугунун жана узак мөөнөттүү ишенимдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири.
- Келечекке инвестиция
Банктын бардык пайдасы капиталдаштырылып, өнүгүүгө кайра инвестицияланат. Мындай ыкма санарип технологияларды үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө, коопсуздукту күчөтүүгө жана туруктуу каржылык негизди камсыздоого мүмкүндүк берет.
Эл аралык рейтингдин ыйгарылышына байланыштуу MBANKтын Стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Марат Торалиев төмөнкүлөрдү белгиледи:
«S&P Global Ratings рейтингинин ыйгарылышы — бул көп жылдык эмгегибиздин жыйынтыгы дүйнөлүк деңгээлде расмий таанылганын билдирет. Алынган рейтинг MBANK салттуу банк ишинин туруктуулугун санарип трансформациядагы лидерлик менен айкалыштырып, ишенимдүүлүк, корпоративдик башкаруу жана каржылык туруктуулук боюнча жогорку эл аралык стандарттарга жооп берерин тастыктайт.
Бүгүнкү күндө MBANK дүйнөдөгү мыкты тажрыйбаларды гана колдонбостон, кардарларга заманбап технологиялык чечимдерди сунуштоо жана жаңы муундагы каржылык кызматтардын экосистемасын түзүү аркылуу Кыргызстандын банк тармагын өнүктүрүүнүн жаңы стандарттарын калыптандырууда».
MBANKтын эл аралык деңгээлге чыгышы банк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат: ири чет өлкөлүк инвестицияларды тартуудан тартып, ата мекендик технологияларды дүйнөлүк рынокко чыгарууга чейин. Бул MBANKтын мындан аркы туруктуу жана динамикалуу өнүгүшүнө бекем негиз түзүп, анын рыноктогу лидерлик позициясын дагы да бекемдейт.
КР УБ №014 лицензиясы.