«Мелдешке эң коркунучтуу атаандашка каршы чыккандай эле чыга берем» — Дмитрий Бивол

30.05.2026 | 17:29
Дмитрий Бивол менен Михаэль Айферттин ортосундагы беттеш

Жарым оор салмакта Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA), Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) жана Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) версиялары боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол 30-майда өтө турган беттештин алдындагы маалымат жыйынында алдыдагы таймаш тууралуу пикирин билдирди.

«Мени фаворит деп эсептеген мындай кырдаалга биринчи жолу туш болуп жаткан жокмун. Бирок, ошол эле учурда мен кырдаалга муздак кандуулук жана эсеп-кысап менен кароого аракет кылам. Бул — бокс, бул жерде дайыма күтүүсүз нерселер болуп турат, ошондуктан мен ар бир эң коркунучтуу атаандашыма кандай даярдансам, бул жолу да дал ошондой даярданышым керек. Бул ирет да ошондой болду. Мен болгону өзүм аткара турган ишиме, машыктыруучумду жана жалпы машыктыруучулар штабымды ыраазы кыла турган жыйынтыкка гана көңүл бурушум керек», — деди Дмитрий Бивол.

Бивол үчүн бул беттеш узак тыныгуудан жана белине жасалган операциядан кийинки калыбына келүүдөн кийинки биринчи таймаш болмокчу.

35 жаштагы Биволдун атаандашы — 28 жаштагы германиялык профессионал боксчу Михаэль Айферт. Ал жарым оор салмакта өнөр көрсөтөт жана учурда Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамына милдеттүү талапкер болуп саналат. Ал 14 беттеш өткөрүп, 13 жеңишке жетишкен (анын ичинде бешөө мөөнөтүнөн мурда) жана бир жолу жеңилген. Ал жакшы функционалдык жана физикалык даярдыкка ээ. Боксчу 2024-жылдын августунан бери мелдешке чыга элек болчу.

Бир жума мурун беттеш өтө турган Екатеринбург шаарына келгенде Бивол мындай деген:

«Биз командабыз менен келдик, азыр бизди оор жана жооптуу жума күтүп турат. Өзүмдү жакшы сезип жатам. Рингге чыгып, бокстошууга даярмын».

Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол менен Михаэль Айферт бүгүн өтө турган чемпиондук беттештин алдында акыркы ирет көз караштар дуэлин өткөрүштү.

Өз кезегинде WBA президенти Хильберто Мендоса-кичинеси Дмитрий Бивол менен Михаэль Айферттин алдыдагы беттешинен эмнелерди күтүп жатканы менен бөлүштү.

«Бул чыныгы чемпиондук деңгээлдеги абдан жакшы беттеш. Эгерде Бивол жеңсе, ал дагы бир жолу эң мыктылардын бири экенин далилдейт. Эгерде Айферт жеңсе, бул ал үчүн жаңы чоң беттештерге карай чоң кадам болот. Мен Дмитрий Бивол акыркы раунддарда нокаут менен жеңип кетиши мүмкүн экенин четке какпайм», — деди ал.

Беттешти Кыргызстанда кайдан көрүүгө болот: Таймашты «Первый канал» түз эфирде көрсөтөт. Түз эфирдин башталышы — Бишкек убактысы боюнча 23:35те. Онлайн-трансляция «Первый каналдын» расмий сайтындагы «Прямой эфир» бөлүмүндө жеткиликтүү болот.

Scroll to Top