Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда жарандарды жана уюмдарды кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын 30 календардык күндүн ичинде каттоого милдеттендирүү жана кечиктирилген ар бир күн үчүн туум (пеня) эсептөө сунушталууда.
Жарандык кодекске жана «Күрөө жөнүндө» мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү КР Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги иштеп чыкты. Ошондой эле долбоордо кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамды жокко чыгаруу каралган.
Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, мыйзам долбоорунун максаты — кыймылсыз мүлктү каттоонун бирдиктүү эрежелерин орнотуу, катталган укуктардын юридикалык күчүн аныктоо жана алардын корголушун камсыз кылуу болуп саналат.
Каттоонун негизги эрежелерин Жарандык кодекске өткөрүү сунушталууда. Анда кыймылсыз мүлккө болгон кайсы укуктарды каттоо зарылдыгы, алар кайсы учурдан тартып күчүнө кирери жана аларды кандайча талашууга болору так жазылат.
Эмнелерди өзгөртүү сунушталууда?
Долбоорго ылайык, кыймылсыз мүлккө болгон укуктар ошол укукту ырастаган документ таризделген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен катталууга тийиш.
Эгерде арыз белгиленген мөөнөттөн кечигип берилсе, каттоо үчүн төлөмдөн тышкары кечиктирилген ар бир күн үчүн туум төлөөгө туура келет. Анын өлчөмүн жана төлөө тартибин Министрлер кабинети аныктайт. Мыйзам долбоорунун өзүндө так сумма көрсөтүлгөн эмес.
Дагы бир маанилүү өзгөртүү кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын юридикалык күчүнө тиешелүү.
Долбоордун авторлору мамлекеттик каттоону катталган укуктун бар экендигинин бирден-бир далили катары таанууну сунушташууда. Мында мыйзам боюнча катталууга тийиш болгон, бирок катталбай калган укуктар менен чектөөлөр жараксыз деп эсептелет.
Менчик укугу жана кыймылсыз мүлккө карата башка укуктар Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине (КМУБМР) жазуу киргизилгенден кийин гана күчүнө кирет. Ошол учурдан тартып мамлекет аларды тааныйт жана коргойт. Юридикалык күчүнө кирген катталган укукту жокко чыгаруу сот аркылуу гана мүмкүн болот.
Кайсы укуктарды каттоо талап кылынат?
Жарандык кодексте милдеттүү түрдө катталууга тийиш болгон укуктардын жана чектөөлөрдүн тизмесин бекитүү сунушталууда.
Алардын катарында:
- кыймылсыз мүлккө болгон менчик укугу;
- чарба жүргүзүү жана ыкчам башкаруу укугу;
- жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугу;
- ипотекадан же күрөөдөн келип чыккан укуктар;
- үч жыл же андан ашык мөөнөткө убактылуу пайдалануу, ижара жана субижара укугу;
- сервитуттар;
- кыймылсыз мүлктү долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга байланышкан чектөөлөр;
- соттун чечимдеринин негизинде келип чыккан укуктар;
- жаратылышты пайдалануунун айрым укуктары.
Ар бир кыймылсыз мүлк объектисине уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат.
Кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтарды кимдер ала алат?
Мыйзам долбоору ошондой эле КМУБМРден маалымат алуу эрежелерин белгилейт.
Кыймылсыз мүлктүн белгилүү бир объектисине карата катталган укуктар жана чектөөлөр жөнүндө маалыматты каалаган адам ала алат.
Бирок белгилүү бир адамга таандык болгон бардык кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтар, ошондой эле каттоо ишиндеги документтердин көчүрмөлөрү чектелген гана чөйрөдөгү адамдар үчүн жеткиликтүү болот.
Аларды менчик ээлери өздөрү, алардын ишенимдүү өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана мыйзамда көрсөтүлгөн башка жактар гана ала алышат.
Атап айтканда, мындай мүмкүнчүлүк соттор, укук коргоо жана салык органдары, улуттук коопсуздук органдары, Акыйкатчы (Омбудсмен), Эсептөө палатасы, КР Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиялары жана башка ыйгарым укуктуу жактар үчүн каралган.
Маалымат берүү үчүн белгиленген өлчөмдө акы алынат.
Каттоодон баш тартуу кайсы учурларда мүмкүн?
Долбоорго ылайык, эгер берилген документтер жарандык, жер, турак жай мыйзамдарына же бул тармакты жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга каршы келсе, кыймылсыз мүлктү каттоодон баш тартууга жол берилет.
Мындан тышкары, кыймылсыз мүлккө болгон укукту талашып жаткан адамдын арызы боюнча каттоону убактылуу токтото турууга болот. Токтото туруунун мөөнөтү менен тартибин Министрлер кабинети аныктайт.
Каттоодон баш тартуу же каттоо органынын аракетсиздиги боюнча мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга болот.
Каталар кандайча оңдолот?
Мыйзам долбоору ошондой эле кыймылсыз мүлктү каттоодо кетирилген каталарды оңдоо тартибин аныктайт.
Эгерде ката кыймылсыз мүлктүн таандыктыгына, катталган укуктун мүнөзүнө же мазмунуна таасир этпесе, каттоо органы кызыкдар тараптарга кабарлоо менен аны өз алдынча оңдой алат.
Эгерде оңдоо менчик ээсине же катталган укуктун мазмунуна тиешелүү болсо, кызыкдар жактардын макулдугу талап кылынат. Эгер мунасага келүү мүмкүн болбосо, маселе сот аркылуу гана чечилет.
Эгерде ката кыймылсыз мүлккө болгон укукту ырастаган документтин өзүндө кетирилген болсо, алгач аны ошол документти берген орган оңдоого тийиш.
Ошол эле учурда каттоо органдарын башка документ берген ведомстволордун каталарынан, ошондой эле атайылап жалган маалыматтарды берүүдөн улам келип чыккан зыян үчүн жоопкерчиликтен бошотуу сунушталууда.
Мамлекеттик органдар беш жумушчу күндүн ичинде документтерди өткөрүп берүүгө милдеттендирилет
Дагы бир өзгөртүү кыймылсыз мүлккө документтерди тариздеген жана берген мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү.
Алар кыймылсыз мүлккө укуктарды белгилеген же чектеген документтердин көчүрмөлөрүн жергиликтүү каттоо органдарына беш жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүгө милдеттендирилет. Документтерди электрондук жана/же кагаз түрүндө өткөрүп берүүгө болот. Алардын аныктыгы жана мыйзамдуулугу үчүн аларды чыгарып берген ведомстволор жооп берет.
Мындан тышкары, КМУБМРдеги бардык маалыматтарды мөөнөтсүз сактоо сунушталууда. Мыйзамда каралган учурлардан башка убакта реестрден маалыматтарды жок кылууга же алып салууга тыюу салынат.
Анара Мамытова