Ысык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштады

19.10.2026 | 16:37
Ысык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштады — Новости Кыргызстана

Ысык-Көл облусунда кунарсыз жайыттардын абалын жакшыртуу жана тоют базасын чыңдоо максатында 1 миң 184 гектар аянтка чөп үрөндөрүн себүү иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Иш-чаралардын алкагында облустун райондоруна жана Балыкчы шаарына жалпысынан 22 миң 74 килограмм үрөн жеткирилген. Үрөндөрдүн түрлөрү жана көлөмү:

  • эспарцет — 10 миң 260 кг;
  • шалбаа бетегеси — 4 миң 976 кг;
  • кылкандуу түбү бош (кострец безостый) — 3 миң 419 кг;
  • жайыт райграсы — 3 миң 419 кг.

Үрөн себүү иштери механизациялаштырылган ыкма менен жүргүзүлүп жатканы айтылды. Бул ыкма үрөндү бир калыпта себүүгө жана жумушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүүгө шарт түзөт.

Scroll to Top