«План боюнча мен Айфертти жайбаракат кысымга алуу үчүн чыккам, нокдаун кошумча бонус болуп калды» — Дмитрий Бивол

Дмитрий Бивол германиялык Михаэль Айфертти жеңип, жарым оор салмакта WBA жана IBF версиялары боюнча дүйнө чемпиону наамдарын коргоп калды. Екатеринбургдагы RCC турниринин алкагында өткөн беттеш 12 раундга созулду.
Белгилей кетсек, теги кыргызстандык боксчу беттештин жүрүшүн дээрлик башынан аягына чейин көзөмөлдөп, биринчи раундда эле атаандашын нокдаунга учуратты.
«Нокдаун пландарды өзгөрткөн жок. План боюнча мен Айфертти жайбаракат кысымга алуу үчүн чыккам, нокдаун кошумча бонус болуп калды. Ал көбүрөөк электрошок сыяктуу болду — титиреп кетти да, тез эле өзүнө келди. Эгер ашыкча күч жумшап, тобокелге барсам... Ооба, менимче, 11-раундда бир учур болду. Эгер темпти эрте баштап, тобокелге барсам, балким, беттешти мөөнөтүнөн мурда бүтүрмөкмүн, бирок сокку өткөрүп жиберүү коркунучу да бар болчу», — деп Дмитрий Бивол жеңиши тууралуу пикирин бөлүштү.

Ал эми операциядан кийинки спорттук формасы тууралуу Бивол анын кесепеттерин дайыма эстен чыгарбоо керектигин айтты.
«Мен туруктуу түрдө жасап турушум керек болгон айрым көнүгүүлөр жана чоюлуулар бар, эгер аларды калтырып койсоң, абал начарлап кетиши мүмкүн. Даярдык учурунда мен мунун баарын эске алып, бел булчуңдарын чыңдоого жана чоюлууга катуу көңүл бурдум. Беттешке толугу менен даяр болдум деп айта албайм... Кайсы бир жерде "дат" басып калгандай, аны сүрүп салыш керек болгондой сезим болду. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин дароо 100 пайыздык формага чыга албайсың. Балким, буга чейин дагы бир беттеш өткөрүү керек болчу», — деп кошумчалады ал.
Эске салсак, Бивол үчүн бул беттеш узак тыныгуудан жана белине жасалган операциядан кийинки биринчи таймашы болду.
35 жаштагы Биволдун атаандашы 28 жаштагы германиялык профессионал боксчу Михаэль Айферт болду. Ал жарым оор салмакта өнөр көрсөтөт жана учурда Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамына милдеттүү талапкер.
Ал 14 беттеште 13 жеңишке жетишкен (анын ичинен бешөө мөөнөтүнөн мурда) жана бир жолу жеңилген. Ал жакшы функционалдык жана физикалык даярдыкка ээ. Боксчу 2024-жылдын августунан бери мелдешке чыга элек болчу.