Ош шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулат

19.10.2026 | 16:49
Ош шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулат — Новости Кыргызстана

Ош шаарындагы эски борбордук базар жайгашкан 1 чакырымга жакын аймакта көрктөндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, эски базардын ордуна жашыл аймак түптөлүп, эс алуу үчүн шарттар түзүлөт. Аймакта Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 50 метрлик суу коргоо тилкеси сакталып, жээкти тазалоо иштери улантылат.

Ошондой эле аймакта Оштун архитектурасын, тарыхын жана маданий мурасын чагылдырган туристтик шаарча куруу каралган.

Мэрия эс алуу жайын пайдаланууга берүү келерки 2027-жылдын май айына пландалып жатканын кошумчалады.

Scroll to Top