Мэрия бишкектиктерге чечилип алынган терезе торлорун кайтарып бербей жатат

22.07.2026 | 11:02
Мэрия бишкектиктерге чечилип алынган терезе торлорун кайтарып бербей жатат — Новости Кыргызстана

Бишкек мэриясы Манас кең көчөсүндөгү №21 үйдүн жашоочуларына чечилип алынган темир терезе торлорун ушул күнгө чейин кайтарып бере элек.

Буга чейин Ленин районунун акиминин орун басары Нурсултан Бейшенбек Reporter.kg агенттигинин кабарчысын «торлор базада турат, келип алып кетсе болот» деп ишендирген болчу.

Бирөөнүн мүлкү кайсы негизде алынып кеткени жана эмне үчүн эми жашоочулар өз алдынча унаа жалдап барып алып кетиши керек деген суроого, ал: «Торлор подъезддин алдына жыйылып, жашоочулар албай койгондуктан, темир-тезек базага жеткирилген», — деп жооп берди.

Бирок акимдин орун басарынын бул сөзүн жашоочулар четке кагышты. Алар торлор чечилери менен эле дароо унаага жүктөлүп кеткенин билдиришти.

«Шаар бийлиги торлорду чечүү иштери кожоюндарынын көзүнчө гана жүргүзүлдү деп ишендиргени менен, бул калп. Көптөгөн жашоочулар жумушта болгондуктан, торлорунун чечилип кеткенин билбей да калышкан. Үйүнө келишсе, терезелеринде тор жок», — деп айтып беришти шаардыктар.

Кийинчерээк Нурсултан Бейшенбек кабарчыга 11-12-июль дем алыш күндөрү мэриянын подрядчылары жашоочуларга мыйзамсыз алынган темир торлорду сөзсүз түрдө жеткирип берерин убада кылган. Бирок бул иш аткарылган жок.

Ленин районунун акиминин орун басары Reporter.kg агенттигине кырдаал боюнча түшүндүрмө бере албай, сөзсүз кайра чаларын убада кылды.

Анара Мамытова

Scroll to Top