Элчинин уулу акимдин орун басары болду

Элчинин уулу акимдин орун басары болду

Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Руслан Бекназаров мурдагы башкы прокурор, учурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу.

Руслан Бекназаров Акыйкатчы институтунда, улуттук коопсуздук органдарында, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эксперти, Тышкы иштер министринин жардамчысы, Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин атташеси болуп иштегени ачык булактардан белгилүү.  Ошондой эле президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн эксперти. 2017–2019-жылдары Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмеси менен катышкан.

Ушул жылдын март айында Свердлов районунун акими болуп Максатбек Саргазаков дайындалган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>