Милиция: Ноокенде 49 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Милиция: Ноокенде 49 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Жалал-Абаддын Ноокен районунда милиция унаасында баңгизат алып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:00до Масы айылы аркылуу өткөн Бишкек — Ош жолунун боюнда токтоп турган унаа текшерүү учурунда милиция кызматкерлери баңгизатка окшош зат табышкан. Унаанын айдоочусу 49 жаштагы А.Ю. аттуу Ала-Бука районунун тургуну болгон.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-бересини (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ири өлчөмдө сатуу максаты жок жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган заттар салмагы 782 грамм нашаа жана 57 грамм марихуана болуп чыккан.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>