Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Ноокен районунун тургунуна пенсия чегерилдиКыргызстанда чакан жана орто бизнес 2025-жылы ИДПнын жарымын түздүОш шаарында үч өспүрүм ЖОЖдун студенттерин сабоого шектелип кармалышты«Кимчи»: Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөтКыргызстанда суулуу-саздуу жерлерди коргоонун жана пайдалануунун жаңы эрежелери иштелип чыктыОшто медициналык борбордун курулушунан мыйзам бузуулар аныкталды
Көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева Пара Азия оюндарында коло утту
25.10.2023 | 17:08
Кыргызстандык көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарында коло байге тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Гүлназ Жүзбаева 1,5 чакырым аралыктыга жарышка катышып, бул аралыкты коштоочусу Даниэл Жээнбеков менен 6 мүнөт 31,22 секундда чуркап өткөн. Жыйынтыгында ал коло байгенин ээси болгон.
Эскерте кетсек, Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында учурда Кыргызстандын куржунунда 4 медаль – 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байге бар. Парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы алтын тагынса, көзү азиз жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев 2 күмүш медаль, ал эми Гүлназ Жүзбаева коло байге утту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз