Мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалды

Коррупцияга шектелип кармалган мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу ЖМКлар күч органдарына таянып жазууда.
Маалыматка ылайык, Досмамбетов менен бирге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов да үй камагына чыккан. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 22-октябрда кабыл алган.
Эске салсак, Курванбек Авазов жана Каныбек Досмамбетов үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Аскер прокуратурасы тарабынан кармалышкан. Башкы прокуратуранын маалыматында, алар ишкердик субъектилеринен өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелишүүдө.
Каныбек Досмамбетов 2025-жылдын 24-декабрында саламаттык сактоо министри болуп дайындалып, 2026-жылдын 24-февралында кызматынан бошотулган.