Эксклюзив

БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — эксперт

21.10.2026 | 19:06
БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — эксперт — Новости Кыргызстана

Геосаясий белгисиздиктин шартында чөлкөмдөгү мамлекеттер өз ара кызматташтыкты чыңдап, тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүү менен гана чектелбестен, ички демократиялык өзгөрүүлөрдү да улантышы зарыл. Бул тууралуу көз карандысыз эксперт Марат Абдылдаев «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору уюштурган «Аймактык коопсуздуктун тренддери — 2026: Борбор Азиядагы кырдаал көз карандысыздыктын 35 жылында кандай өзгөрдү» аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, дүйнөнүн ири державаларынын ичиндеги ар кандай саясий жана экономикалык күчтөрдүн тирешүүсү Борбор Азиянын коопсуздугуна таасир этүүчү негизги факторлордун бири бойдон калууда.

Мисал катары ал АКШны келтирди, анда ири капиталдын чоң таасирине карабастан, тышкы саясатка ар башка көз караштагы топтордун ортосунда саясий атаандаштык сакталууда.

«Биз Кошмо Штаттарда бардык артыкчылыктары жана кемчиликтери менен бирге белгилүү бир оң жагдайды көрүп турабыз — ал жакта баары бир демократиялык процесс бар. Багытты чоң капитал аныктаганына карабастан, карама-каршы күчтөрдүн ички күрөшү жүрүп жатат», — деп белгиледи Абдылдаев.

Тактап айтканда, кеп Дональд Трамптын жактоочулары менен евроатлантикалык багыттын, ошондой эле изоляционисттер менен глобалисттердин тирешүүсү тууралуу болуп жатат. Саясат таануучунун пикиринде, бул күрөштүн жыйынтыгы Батыштын геосаясий багытын көп жагынан аныктап келет.

Абдылдаевдин көз карашында, эл аралык ири оюнчулардын ортосундагы карама-каршылыктар бир эле учурда бир нече күч борборлорунун кызыкчылыктарын эске алууга аргасыз болгон Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кошумча белгисиздикти жаратат.

Мындай шартта чөлкөмдөгү мамлекеттердин жетекчилиги ар кандай өнөктөштөр менен мамилесин сактап, тең салмактуу жана көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүүгө умтулууда.

Бул үчүн, эксперттин айтымында, C5+1 форматы, ЖККУ, ЕАЭБ жана ШКУ сыяктуу кызматташуунун эл аралык жана аймактык механизмдери мурунтан эле иштеп келет.

Ошол эле учурда ички карама-каршылыктар жана эл аралык кызматташтыкка карата ар кандай мамилелер АКШда гана эмес, Орусия менен Кытайда да байкалууда.

«Орусияда да, Кытайда да ар кайсы багыттагы процесстер жүрүүдө, анда айрымдары белгилүү бир обочолонууга (изоляцияга), башкалары евразиялык күчтөрдү бириктирүүгө умтулушат. Албетте, биз евразиялык өнөктөштүк жана биригүү тренди күчтүүрөөк деп айта алабыз», — деди Абдылдаев.

Анын пикиринде, узак мөөнөттүү келечекте евразиялык мейкиндик дагы тыгыз биригүү жана кызматташуу багытында өнүгүшү мүмкүн. Бирок бул процесске мамлекеттердин өздөрүнүн ички саясий көйгөйлөрү тоскоол болушу ыктымал.

Эксперт Борбор Азиянын ички саясий өнүгүүсүнө да өзгөчө көңүл бурду.

Ал чөлкөмдөгү мамлекеттерге тышкы өнөктөштөр менен мамиле куруу жана өз ара кызматташтыкты бекемдөө гана жетишсиз деп эсептейт. Ошону менен катар эле ички саясий процесстерди демократиялаштырууну улантуу да кем эмес мааниге ээ.

Абдылдаевдин баамында, бул багыттагы айрым өзгөрүүлөр Казакстанда, Өзбекстанда жана Кыргызстанда буга чейин эле ишке ашты. Мисалдардын бири катары ал Кыргызстандын шайлоо системасындагы реформаларды атап, өлкөнүн саясий турмушунда жаңы тенденциялар пайда болгонун белгиледи.

Ошентсе да эксперт болуп жаткан өзгөрүүлөрдү жетишсиз деп эсептейт.

«Менимче, Борбор Азия өлкөлөрү өз ара жана өнөктөштөр менен кызматташуу менен гана чектелбестен, ички процесстерди кандайдыр бир деңгээлде демократиялаштырууга барышы керек. Бул Казакстанда болду, Өзбекстанда болду, Кыргызстанда да болду. Бирок мен муну жетишсиз деп эсептейм», — деп баса белгиледи ал.

Абдылдаевдин пикиринде, саясий институттардын мындан аркы өнүгүүсүндө көз карандысыз коомдук уюмдар маанилүү роль ойноого тийиш.

«Көз карандысыз коомдук уюмдар бул мамлекеттердин өнүгүү моделдерин, демократиялаштырууну жана өнүгүүнүн стратегиялык багыттарын конструктивдүү түрдө сунушташы зарыл», — деди эксперт.

Сөз сүйлөө учурунда Абдылдаев аймактык коопсуздуктун факторлорунун бири бойдон калып жаткан Ооганстандагы кырдаалга да токтолду.

Анын айтымында, ал өлкөдө дагы деле ички карама-каршылыктар сакталып, оппозициялык жана террордук топтор аракеттенүүдө. Ошого карабастан, эксперт узак мөөнөттүү келечекте Ооганстан тынч өнүгүү нугуна өтө алат деп эсептейт.

Ал Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттери бул процесске жигердүү катышуусу керек деп эсептейт, анткени Ооганстандын туруктуулугу бүтүндөй чөлкөмдүн коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу.

«Менимче, багыт аныкталды жана Ооганстан тынч өнүгүү жолуна түшөт. Бул үчүн Кыргызстан, биздин коңшулар жана чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр таасирдүү, конструктивдүү катышуусу керек», — деп жыйынтыктады Абдылдаев.

Анара Мамытова

Scroll to Top