Кыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөт

Кыргызстанда экспорттук көзөмөл боюнча уруксат берүү процесси санариптештирилет. «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке аша турган реформага бүгүн, 26-октябрда, старт берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда улуттук көзөмөл тизмесине кирген товарларга эксперттик корутунду жана уруксат алуу кагаз түрүндө жүргүзүлөт. 2025-жылы бул багытта 165 уруксат документи берилген (84 импорттук жана экспорттук лицензия, 34 акыркы колдонуучу сертификаты). Азыркы тапта эксперттик кароо 10 жумушчу күнгө чейин, ал эми уруксат документтерин даярдоо 14 жумушчу күнгө чейин созулуп келет.
Реформанын алкагында «Бирдиктүү терезе» системасы аркылуу товарларды идентификациялоочу электрондук база түзүлөт. Бул тутум Экономика жана коммерция министрлиги, бажы органдары, эксперттик мекемелер жана «Бирдиктүү терезе» борборунун ортосунда маалымат алмашууну автоматташтырат.
Жаңы реформанын натыйжасында эксперттик кароо мөөнөтү 10 күндөн 5 жумушчу күнгө чейин кыскарат. Ал эми уруксат кагаздарын даярдоо жана берүү 14 күндөн 10 жумушчу күнгө чейин азаят. Ошондой эле ишкерлер документтерди бир гана жолу электрондук түрдө тапшырып, мекемелерге кайра-кайра баруудан бошотулат.