Журналист, активист Канышай Мамыркуловага соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Сыдыков билдирди.
Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандыктарга чакырык) менен иш козголгон. Жактоочунун сөзү боюнча, милиция Мамыркулованын соцтармактагы жазгандары боюнча экспертиза жүргүзүп, ошонун негизиде иш ачкан.
Мамыркулова Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган. Анын бөгөт чарасы эртең же бүрсүгүнү сотто каралат.
Сыдыковдун айтымында, Канышай Мамыркулова мыйзамда жазылган укугунан пайдаланып, соцтармактагы баракчасы аркылуу өз ой-пикирин билдиргенин, мыйзам бузбаганын жана массалык башаламандыктарга чакырык жасабаганын айткан.
Ошондой эле милиция үйүнө келип кармап кетпей, суракка чакырса, өзү келмек экенин билдирген.
Эскерте кетсек, милиция Канышай Мамыркулованы бүгүн, 20-мартта үйүнөн кармап кеткен.
Канышай Мамыркулова – таанымал журналисттердин бири. Акыркы жылдары ал «Фейсбук» аркылуу бийликке ачуу сын айтып келет. Ал кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча да бийликке сын айткан.
Милиция журналист Канышай Мамыркулованы кармап кеткени кабарланды