Ооганстандагы кырдаал Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн чакырык бойдон калууда — КМШнын Терроризмге каршы борборунун эксперти

Заманбап эл аралык кырдаал геосаясий туруксуздуктун өсүшү, аймактык конфликттердин күчөшү жана глобалдык коопсуздук архитектурасынын өзгөрүшү менен мүнөздөлөт. Бул тууралуу КМШнын Терроризмге каршы борборунун Борбордук Азия аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкери Руслан Абасов ШКУ мамлекет башчыларынын саммитинин алдында «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору тарабынан уюштурулган «Терроризмсиз, экстремизмсиз жана сепаратизмсиз дүйнө: глобалдык коопсуздук системасындагы ШКУнун жана БА (Борбордук Азия) өлкөлөрүнүн ролу» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү кырдаалга Жакынкы Чыгыштагы жана ооган-пакистан багытындагы процесстер олуттуу таасирин тийгизүүнү улантууда. Бул процесстер эл аралык экономикалык, энергетикалык жана транспорттук туруктуулук үчүн стратегиялык маанисин сактап калууда.
Абасов Перс булуңундагы аймактагы кырдаал жогорку чыңалуу жана мындан аркы эскалация (курчуу) тобокелдиктери менен коштолуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, аймактагы аскердик-саясий тирешүүнүн өрчүшү негизги транспорттук каттамдарга, анын ичинде Ормуз кысыгына тобокелдиктерди жаратып, ошондой эле энергоресурстарды жеткирүүгө жана глобалдык логистикалык чынжырларга таасирин тийгизүүдө.
Ошондой эле эксперт колдогу маалыматтарга таянып, аймактык туруксуздук шарттарында айрым мамлекеттердин ички абалын туруксуздаштыруу үчүн радикалдуу топторду колдонуу аракеттери катталып жатканын билдирди.
Ооган-пакистан багытындагы кырдаал тууралуу сөз кылып жатып, Абасов куралдуу инциденттер, гуманитардык көйгөйлөр жана радикалдуу түзүмдөрдүн активдүүлүгү менен коштолгон чыңалуунун өсүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, эл аралык террористтик уюмдардын катышуучуларынын которулуу процесстери жана террористтик чөйрөнүн ичиндеги өзгөрүүлөр аймак үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратууда.
КМШнын Терроризмге каршы борборунун өкүлү жаштардын радикалдашуу процесстерине өзүнчө көңүл бурду.
Анын айтымында, колдо болгон баалоолор боюнча, айрым террористтик түзүмдөр жашы жете электердин жана жаштардын арасында жалдоо (вербовка) ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп жатышат. Маалымат булактарынын бири катары ал коопсуздук жана терроризмге каршы туруу маселелерине арналган эл аралык уюмдардын баяндамаларындагы маалыматтарды келтирди.
Абасов ошондой эле заманбап террористтик уюмдар акыркы жылдары ишмердүүлүгүнүн формаларын өзгөртүп, катышуу (жайгашуу) географиясын кеңейткенин белгиледи.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө айрым түзүмдөр заманбап коммуникация ыкмаларын колдонгон жана дүйнөнүн бир нече аймагында бир эле учурда активдүүлүгүн сактаган кеңири таралган тармактарды билдирет.
Эксперт миграциялык тобокелдиктерге өзүнчө көңүл бурду. Анын пикиринде, Борбордук Азия мамлекеттери миграциялык агымдарды текшерүү маселелерин эске алып, коопсуздук чөйрөсүндөгү аймактык кызматташуу механизмдерин өркүндөтүшү керек.