Кыргызстандыктар 2026-жылы жайкы эс алуусун кантип пландаштырууда?

Жайкы мезгил салттуу түрдө саякаттоо жана күнүмдүк жумуш рутинасынан бир азга болсо да алаксуу мүмкүнчүлүгү менен байланыштырылат. Бирок заманбап жашоо ыргагы жеке убакыт менен кеңсенин ортосундагы чекти улам барган сайын жууп салууда. Кыргызстандыктар эс алуусун кантип пландаштырарын жана алар чындыгында эле жумуштан эс ала алар-албасын билүү үчүн, headhunter.kg платформасы сурамжылоо жүргүзүп, ага 150дөн ашык жумуш издөөчүлөр жана иш берүүчүлөр катышты.
Жумуштун көптүгүнө карабастан, кыргызстандыктардын толук кандуу эс алууга болгон муктаждыгы туруктуу жогору бойдон калууда. Сурамжылангандардын дээрлик жарымы (45%) жайкы эмгек өргүүсүн так пландаштырып коюшкан, ал эми дагы 21%ы эс алууну көздөп жатышат, бирок так даталарын аныктай элек. Респонденттердин 27%ы гана ушул жайда эс алуусуз каларын билдиришти.
Эс алуунун эң көп каалаган сценарийи катары чет өлкөгө сапарлар бойдон калууда — мындай жоопту сурамжылоонун катышуучуларынын 34%ы тандашкан. Ички туризмди жана Кыргызстандын башка аймактарына барууну 18%ы пландаштырууда. Мыйзамдуу эс алуусун үйдө же өз шаарында өткөрүүнү 8%ы көздөсө, дачага 3%ы гана барат. Дагы 16%ы азырынча ойлонуп жатышат.
Датаны жетекчи эмес, үй-бүлө аныктайт
Кызыгы, эмгек өргүү убактысын тандоодо көпчүлүк үчүн (58%) негизги критерий — үй-бүлөнүн ыңгайлуулугу бойдон калууда. Жумуштун жүктөмү кызматкерлердин 36%ынын гана чечимине таасир этет, ал эми сапардын бюджети 32%ы үчүн даталарды аныктайт. Респонденттердин 17%ы гана өз эс алуусун кесиптештеринин графигине ылайыкташтырышат.
Ал эми жумуш ыргагы боюнча айтсак, жай мезгили сейрек жеңилдик алып келет: сурамжылангандардын 45%ынын бул мезгилдеги жүктөмү дээрлик өзгөрбөйт, ал эми 30%ыныкы ал тургай өсөт (21%ында — бир аз, 9%ында — олуттуу). Бактылуу адамдардын төрттөн бир бөлүгү гана (25%) жайкы жумуш тапшырмаларынын азайышын белгилешет.
Эмне үчүн телефонду өчүрүп коё албайбыз?
Эс алуу учурунда жумуштан толугу менен четтеп кетүү — көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн кол жеткис нерсе. Сурамжылоо кооптондурган тенденцияны көрсөттү: кызматкерлердин 6%ы гана эмгек өргүүсүндө жумуш маселелерин принципиалдуу түрдө чечишпейт.
Калгандары тигил же бул деңгээлде байланышта болушат: 43%ы мезгил-мезгили менен шашылыш билдирүүлөргө жана чалууларга жооп беришет, ал эми дээрлик үчтөн бир бөлүгү (31%) эс алууда жүргөнүнө карабастан, жумуш процесстерине дайыма аралашып турарын моюнга алышкан.
Идеалдуу эс алуунун (калыбына келүүнүн) формуласы
Кыргызстандыктар идеалдуу эс алуудан эмнени күтүшөт? Биринчи кезекте — жаңы таасирлерди жана эмоцияларды (64%ы ушундай жооп беришкен). Респонденттердин 58%ы үчүн жөн гана жумуш тапшырмаларынан алаксуу өтө маанилүү, ал эми 56%ы толук физикалык жана менталдык жактан калыбына келүүнү издешет. Ошондой эле артыкчылыктардын сап башында — үй-бүлө жана жакындар менен убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү (55%) жана мотивацияны жакшыртуу (43%) турат.
Жыйынтыктап айтканда, 2026-жылдагы эмгек өргүүсүн кыргызстандыктар чөйрөнү алмаштыруу катары гана эмес, эмоционалдык жана кесиптик жактан кайра калыбына келүү үчүн турмуштук зарыл курал катары кабыл алышат. Көпчүлүк жаңы таасирлерди издеп чет өлкөгө чыгууга умтулганы менен, санариптик детокс (телефондон алыстоо) кыйынчылык менен ишке ашууда — кызматкерлердин басымдуу бөлүгү деңиз толкундарынын үнү астында да жумуш чаттарынан кабардар болуп турууну улантышууда.