Министр Тургунбаев климаттын өзгөрүшүнө арналган иш-чарага катышууда

Министр Тургунбаев климаттын өзгөрүшүнө арналган иш-чарага катышууда

30-ноябрда Дубай шаарында БУУнун Алкактык Конвенциясынын тарапташтарынын 28-конференциясы башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев билдирди.

Ал билдиргендей, аталган конференция — экология чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө байланышкан маанилүү иш-чаралардын бири. Ал кызыкдар тараптардын баарына климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө, парник газдарынын бөлүнүшүн азайтууга жана мындан аркы туруктуу өнүктүрүүгө багытталган инновациялык чечимдерди, технологияларды көрсөтүүгө жана демилгелерди көтөрүп чыгууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

“Өз сөзүмдө мен тоолуу аймактардын маселесин чечүүдөгү кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледим. Кыргызстан бул маселени 20 жылдан ашык убакыттан бери эл аралык аренада көтөрүп келет. Мындан эки жыл мурун БУУнун Башкы Ассамблеясында биздин демилгебиз менен тоо аймагын туруктуу өнүктүрүү боюнча резолюция кабыл алынган. Бүгүнкү күндө глобалдык климаттык түзүмдөгү тоолуу аймактардын чечүүчү ролуна басым жасоо менен жаңы диалогдорду ишке киргизүүбүз зарыл. Бул тоолуу аймактарда жашаган миллиарддаган адамдар үчүн гана эмес, планетабыздагы жүздөгөн улуттар үчүн дагы маанилүү.

Биз климат жана тоо аймагы боюнча бардык деңгээлдеги диалогдорду алга жылдырууга даярбыз. Мунун жыйынтыгы тоолуу эко түзүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүдө иштеген механизмдерди кабыл алуу жана аларды издөө үчүн эл аралык стратегияларды жана көп форматтуу өз ара мамилени күчтөндүрүү болушу керек. Бул демилгени колдоо жана тоо көйгөйлөрүн андан ары жылдыруу үчүн эл аралык аренада Бутан, Непал жана Гватемаланын делегация башчылары сөз сүйлөштү”, — дейт ал.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>