Иш орундарды Өзбекстан, Пакистан, Бангладеш жарандары ээледи

Иш орундарды Өзбекстан, Пакистан, Бангладеш жарандары ээледи

Кыргызстандагы жумуш орундарды Өзбекстан, Пакистан жана Бангладештин жарандары ээлеп алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” парламенттик фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

Ал Минкаб атуулдарды чет өлкөгө ишке орноштуруп, миграцияга жөнөтүп жаткан кезде ички эмгек рыногун башка жарандар ээлегенин белгилеп өттү.

“Тигүү тармагында Өзбекстандын жарандары иштесе, куруучулар — Бангладеш менен Пакистандан келгендер. Эмне үчүн өзүбуз ушу тигүүчүлөрдү даярдай албайбыз? Кесиптик лицейлерде миграцияга даярдабай, өлкөдө иш таап иштегенге үйрөтүш керек”, — деди эл өкүлү.

Жусупбек Коргонбой уулу чет элдик жарандарды стратегиялык объекттердин курулушуна жолотпоону сунуштады.

“Жада калса президенттик администрациянын жаңы имаратын чет элдиктер куруп жатат. Кирпичти коюп жатып ичине тротил куюп койсо ким жооп берет?”, — деди ал.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин айтымында, жергиликтүү тургундар курулушка иштегиси келбейт.

“Биз дагы подрядчик компанияларга жергиликтүү жарандарды иштеткиле дейбиз. Бирок, алар жумушчу таппайт. Биздин жарандар айлык аз деп баш тартышат. Андыктан компаниялар куруучуну чет өлкөдөн алып келүүгө аргасыз”, — деди Орунтаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>