Министрлер Кабинети күйүүчү майга салыктарды сентябрдын аягына чейин төмөндөтүүнү сунуштоодо — дизель КНСтен толугу менен бошотулушу мүмкүн
Экономика жана коммерция министрлиги күйүүчү-майлоочу майларга (КММ) салыктык жүктөмдү убактылуу төмөндөтүү жөнүндө токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Документ кароого чыгарылды жана кабыл алынган учурда 15-майдан тартып күчүнө кирет, ошондой эле 2026-жылдын 30-сентябрына чейин (бул күндү кошо алганда) колдонулат.
Дизель майы үчүн максималдуу жеңилдиктер каралган: КНСти (кошумча нарк салыгы) 0%га чейин, ал эми акциз салыгын да тоннасына 0 сомго чейин төмөндөтүү сунушталууда. Учурда дизель майына акциз тоннасына 400 сомду түзөт.
АИ-92 маркасындагы бензин үчүн КНСти 8%га чейин, ал эми акциз салыгын тоннасына 5 000 сомдон 3 000 сомго чейин төмөндөтүү сунушталып жатат.
Муну менен катар, дал ушул мезгилге 2019-жылы киргизилген мунай продуктуларын автотранспорт — бензин ташуучу унаалар (бензовоздор) менен алып кирүүгө салынган тыюунун ишин токтото туруу сунушталууда. Бул ички рынокко күйүүчү май жеткирүүнүн кошумча каналдарын ачууга жол берет.
Долбоор Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмаларын аткаруу максатында иштелип чыккан. Башкы максат — күйүүчү майга болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана ички рынокто анын тартыштыгына жол бербөө.