Кыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайт

«Кыргызсуудолбоор» ачык акционердик коому Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университети менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Документ делегациянын Кытайга болгон иш сапары учурундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында түзүлдү.
Меморандум өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүүгө, илимий жана практикалык тажрыйба алмашууга, адистерди даярдоого, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана алдыңкы технологияларды өздөштүрүүгө багытталган.
Делегацияны башкармалыктын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген. Иш сапар 2026-жылдын 15-октябрынан 24-октябрына чейин өттү. Делегация Чжэнчжоу шаарындагы университеттен тышкары Нанкин шаарындагы Хохай университетине да барды. Ал жакта суу кырсыктарынын алдын алуу, суу чарбасы, гидроэнергетика жана жээктеги табигый кырсыктардан коргонуу багыттарындагы илимий лабораториялар жана практикалык даярдоо борборлору менен таанышты.
Тараптар кызматташуу маселелерин, анын ичинде «Кыргызсуудолбоордун» студенттерин жана кызматкерлерин Кытайда окутууну, ошондой эле кесиптик тажрыйба алмашууну талкуулашты.