Израилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөтПрезидент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттүКыргызстан санкция тобокелдиктери бар компанияларды жана банктык эсептерди жабууда
Президент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттү
28.10.2026 | 11:32

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке ылайык, уюштуруу комитетинен Мамбеткерим Чекиров, Аяз Баетов жана Канат Сагынбаев чыгарылды.
Ошондой эле төмөнкүлөр комитеттин курамына киргизилишти:
- Алмаз Айылчиев — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Алмаз Имангазиев — Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
- Чолпонкул Арабаев — И. Арабаев атындагы КМУнун Юридикалык институтунун юриспруденция кафедрасынын башчысы, академик;
- Сулайман Кайыпов — Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун социалдык философия бөлүмүнүн башчысы.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат