ЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөт
Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына 90 депутаттын 31и гана катышууда. Бул парламенттин жалпы курамынын үчтөн биринен бир аз гана көбүрөөк.
Белгилей кетсек, депутаттардын бир бөлүгү Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган делегация менен 27-октябрга чейин созулган расмий иш сапар менен Японияда жүргөн.
Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, делегациянын курамына 22 депутат кирген: Талант Мамытов, Талайбек Масабиров, Эльвира Сурабалдиева, Гүлнара Акимбаева, Ырысбек Атажанов, Жаныбек Аматов, Мирлан Жээнчороев, Венера Салямова, Үмбөтаалы Кыдыралиев, Рустамбек Советбек уулу, Айсаракан Абдибаева, Токтобүбү Ашымбаева, Бурул Аманова, Жайлообай Нышанов, Жамиля Исаева, Айгүл Карабекова, Карим Ханджеза, Улан Бакасов, Максат Алымбеков, Эрулан Кокулов, Улан Сариев жана Бекмырза Чолпонбай уулу.
Күн тартибинин долбооруна ылайык, бүгүнкү жыйында депутаттар бир катар мыйзам долбоорлорун, анын ичинде Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине түзөтүүлөрдү, ошондой эле жазаларды аткаруу жана саламаттык сактоо маселелери боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү карашы керек.
Мындан тышкары, күн тартибине эл аралык макулдашууларды ратификациялоо маселелери киргизилген. Алардын ичинде Кыргызстандын жарандарынын Беларуста жана Беларусь жарандарынын Кыргызстанда жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу, Гонконг менен кош салык салууну болтурбоо тууралуу макулдашуу, ошондой эле мал чарбачылыгы, Ош облусунун айылдык калктуу конуштарын суу менен камсыздоо жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин жер үстүндөгү суу агызгычын куруу долбоорлорун каржылоо боюнча документтер бар.
Ошондой эле агроөнөр жай комплексинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен долбоорлорун каржылык колдоо жөнүндө протоколду жана депутаттардын шайлоочулар менен иштөөсү тууралуу токтом долбоорун кароо пландаштырылган.
Анара Мамытова


