ЖКда лабораторияларды жаңылыш анализдер үчүн жоопкерчиликке тартуу сунушталды
Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында анализдерде жана диагноз коюуда катачылыктарды көп кетирген жеке лабораторияларды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, демилгеге жаран Алижан Ходжиевдин кайрылуусу себеп болгон. Ал апасы жеке Аква Лаб лабораториясына биопсия тапшыргандан кийин туура эмес жыйынтык алганын айткан.
«Мындан туура бир жыл мурун анын апасы “Аква Лабга” биопсия тапшырган. Тилекке каршы, лаборатория жаңылыш жыйынтык чыгарып, анда онкология жок деп айткан. Аял буга ишенип, эки ай гастриттен дарыланган», — деди Бекешев.
Кийинчерээк бейтап Москвадагы клиникага кайрылып, ошол эле биопсияны кайра текшерткенде рак оорусу аныкталган. Депутаттын айтымында, бул диагнозду Германиядагы адистер дагы тастыктаган.
Бекешев лаборатория кийин үй-бүлөдөн кечирим сураганын белгиледи.
«Алар кечирим сурап, оңолобуз дешкен. Бирок, тилекке каршы, адам каза болуп калды. Менин түшүнүгүмдө, мындан эч кандай жыйынтык чыгарылган эмес», — деди ал.
Депутат маселе бир гана лабораторияга тиешелүү эмес экенин, анын пикиринде мындай учурлар башка лабораторияларда дагы болушу мүмкүн экенин айтты.
Анын айтымында, даярдалып жаткан мыйзам долбоорунда анализдерде олуттуу катачылыктарды көп кетирген лабораториялардын лицензиясын кайтарып алуу каралат.
Мындан тышкары, парламентарий маркумдун жакындары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги лабораториянын лицензиясын убактылуу токтотуу өтүнүчү менен кайрылышканын, бирок министрлик тарабынан реакция болбогонун билдирди.
«Министрликтин мындай ыйгарым укугу жана мүмкүнчүлүгү бар. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. Саламаттык сактоо министрлигинен бул маселеге көңүл бурууну өтүнөм», — деди Бекешев.