Жапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдү

Жапония өкмөтү Кыргызстанга жол-курулуш техникаларын жеткирүү үчүн 533 миллион иен өлчөмүндө гранттык каражат бөлдү. Аталган каражатка жол фрезасы, жол стабилизаторлору, тандемдик вибрациялык каток жана пневмодөңгөлөктүү катоктор сатылып алынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Бул макулдашууну ишке ашыруунун алкагында 27-октябрда КРдин Транспорт министрлиги менен Жапониянын «Japan International Cooperation System» (JICS) уюмунун ортосунда кеңешме өткөн. Жыйынга министрдин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков, Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жана жапон элчилигинин өкүлдөрү катышкан
Жолугушуунун жыйынтыгында «Экономикалык жана социалдык өнүгүү программасынын» негизинде алына турган техникалардын тизмесин, сатып алуу эрежелерин жана жол-жоболорун камтыган протоколго кол коюлган.