Чүйдө балдардын жалаягын жана гигиеналык каражаттарды чыгаруучу ишкана ачылды

Чүй облусунда балдардын жалаяктарын жана санитардык-гигиеналык каражаттарды чыгаруучу «Бренд КГ» ишканасы ишке кирди. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Ишкана балдардын жалаяктарын жана санитардык-гигиеналык каражаттарды чыгарган алгачкы ата мекендик өндүрүш болуп саналат. Өндүрүштүк комплекс «Ак-Чий» эркин экономикалык аймагында жайгашкан жана жабдуулар менен камсыздалган.
Ишкананын иштеши өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана импортту алмаштырууга багытталган. Ишкананын ачылышы ички рыноктун импорттук продукцияга болгон көз карандылыгын азайтууга шарт түзөт.

Агенттиктин маалыматында, продукциялар сапат жана коопсуздук стандарттарына ылайык чыгарылат. Келечекте товарларды Борбор Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна жеткирүү пландалууда.
Ишкананын ишке киргизүү аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана Инвестициялар боюнча агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов катышты. Катышуучулар заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жана чыгарылган продукциялар менен таанышышты.