Министрлер кабинети: Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жылдын аягына чейин жетиштүү

27.10.2026 | 11:03
Кабинет министров: запасов ГСМ в Кыргызстане достаточно до конца года — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда АИ-95, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин, дизель отунунун жана суюлтулган газдын кору үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жетет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында өткөн өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо иштеринин аткарылышы боюнча жыйында айтылды.

Маалыматка ылайык, учурда күйүүчү-майлоочу май «Джунда» ЖЧКсынын, «Кыргызнефтегаз» ААКсынын кампаларында бар, ошондой эле майды ташып келүү иштери жүрүүдө.

Өкмөт күйүүчү май ташуучу компанияларды колдоо максатында субсидия берүүнү улантып жатканын билдирди. Бул үчүн республикалык бюджетте 11,389 миллиард сомдон ашуун каражат каралып, 2026-жылдын 25-майынан бери анын 2,623 миллиард сомдон ашык бөлүгү төлөнүп берилген. Каржылоо 31-декабрга чейин уланат.

Жыйында май куюучу жайлардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана Министрлер Кабинети белгилеген бааларды туруктуу сактоо талабы коюлду. Адылбек Касымалиев тиешелүү органдарга субсидиялоо иштерин өз убагында бүткөрүү, чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү, жаңы жеткирүүчүлөрдү табуу жана жергиликтүү мунай иштетүүчү заводдорду модернизациялоону тездетүү тапшырмаларын берди.

Белгилей кетсек, расмий маалыматтар боюнча өлкө жылына болжол менен 1,4 миллиондон 1,85 миллион тоннага чейин мунай продукциясын керектейт.

Scroll to Top