Композитор, обончу Турганбай Молдогазиев 86 жашында дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор, обончу жана маданият таануучу Турганбай Молдогазиев 86 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Турганбай Молдогазиев 1940-жылдын 13-июнунда Ысык-Көл районунун Темир айылында төрөлгөн. Ал М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын жана Москва мамлекеттик маданият институтун бүтүргөн.
Эмгек жолунда М. Абдраев атындагы атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директору, Кыргыз ССРинин Театр коомунун төрагасынын орун басары, Элдик чыгармачылык жана маданий-агартуу илимий-методикалык борборунун директору кызматтарын аркалаган. Ошондой эле Кыргыз ССР Илимдер академиясында илимий кызматкер, Бишкек гуманитардык университетинде проректор жана окутуучу болуп иштеген. Кыргыз фольклорун изилдеп, «Күү баяны» аттуу радиоберүүлөр түрмөгүн даярдаган.
Турганбай Молдогазиев «Сонун кез», «Ак шоола чачсаң», «Гүл талаа», «Гүлдөй бер, Кыргызстан» ырларынын жана «Карыянын кайрыгы», «Ысык-Көл баяны» күүлөрүнүн автору.
Ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» наамдары жана «Эмгек ардагери» медалы ыйгарылган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-октябрда саат 10:00дө Бишкек шаарынын Москва көчөсү, №90 дарегинде өтөт.