«Миллиондор үчүн оюн»: MBusiness’те 15 миллион сомдон ашык байге фонду менен акция башталат

21-октябрдан тартып MBANK жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн «MBusiness’теги миллиондор үчүн оюн» акциясын өткөрүүдө. Жалпы байге фонду 15 миллион сомдон ашат. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.
Акцияга MBusiness кызматын колдонгон MBANK кардарлары катыша алышат. Кызматка бул шилтеме аркылуу MBANK тиркемесинен онлайн кошулууга болот.
Акция кандай өтөт?
Акциянын эрежелерине ылайык, MBusiness’те ар бир ийгиликтүү операция үчүн катышуучуга бир тамга берилет. Бул тамгалардан «МБИЗНЕС» же «МИЛЛИОН» деген сөздөрдү чогултуу керек. Сөздү биринчи болуп чогултуп, операцияларын текшерүүдөн өткөн катышуучулар жеңүүчү болушат.
Тамгалар төмөнкү операциялар үчүн берилет:
- MBusiness жана MKassa QR-коддору аркылуу төлөм кабыл алуу;
- MPay аркылуу төлөм кабыл алуу;
- MCafe аркылуу төлөм кабыл алуу;
- MBANK тиркемесинен MBusiness’ке которууларды кабыл алуу;
- MBusiness аркылуу QR-код менен төлөө;
- Visa MBusiness картасы менен POS-терминалдарда жана интернетте төлөө;
- MBusiness Pay кызматы аркылуу төлөө;
- салыктарды жана мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө;
- MBusiness’те валюталарды алмаштыруу;
- SWIFT жана Visa Direct Account аркылуу эл аралык которууларды жүргүзүү;
- MBusiness’те онлайн насыя алуу.
Ар бир операция үчүн минималдуу сумма жана күнүмдүк чектөөлөр белгиленген. Берилүүчү тамгалардын саны чектелүү.
Акция үч этап менен өтөт:
- биринчи этап — 2026-жылдын 21-октябрынан (саат 10:00дөн) 17-ноябрына чейин;
- экинчи этап — 2026-жылдын 18-ноябрынан 15-декабрына чейин;
- үчүнчү этап — 2026-жылдын 16-декабрынан 2027-жылдын 12-январына чейин.
Банктын маалыматына ылайык, ар бир этаптын аягында, саат 23:59да, чогултулган бардык тамгалар жокко чыгарылат. Кийинки этап нөлдөн башталат.
Үч ай — үч миллионер
Ай сайын бир жеңүүчү 1 миллион сом алат. Ошентип, акциянын жүрүшүндө үч катышуучу миллионер боло алат.
Мындан тышкары, ай сайын дагы 20 ишкер 200 миң сомдон утуп алат. Жалпысынан мындай 60 байге ойнотулат.
Акциянын толук шарттары жана эрежелери менен бул шилтеме аркылуу таанышууга болот.
MBANK — биринчи санариптик банк. Кыргызстанда жасалган!
КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы бар.
Маалымат алуу үчүн 9933 телефонуна чалыңыз (күнү-түнү).