Дастан Бекешев кыргызстандыктардын жеке маалыматтарынын ачыкка чыгып кетүү коркунучу тууралуу эскертти

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев дүйнө жүзү боюнча миллиондогон сайттар иштеген PHP технологиясынан эки олуттуу аялуу жер табылгандан кийин, Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарын мамлекеттик сайттардын жана маалыматтык системалардын коопсуздугун текшерүүгө чакырды.
Депутаттын айтымында, табылган аялуу жерлер кыянатчыларга серверлерге сырсөзсүз кирүүгө, жеке маалыматтарды уурдоого жана ал тургай сайттарды көзөмөлгө алууга мүмкүндүк бериши мүмкүн.
Бекешев бул коркунуч өтө олуттуу экенин, Европанын бир катар өлкөлөрүндө көйгөйдү жоюу үчүн мамлекеттик сайттар убактылуу өчүрүлгөнүн белгиледи. Анын маалыматы боюнча, 21-октябрда PHP иштеп чыгуучулары коопсуздукка байланыштуу шашылыш жаңыртууларды чыгарышкан.
Депутатты миллиондогон жарандардын жеке маалыматтары өтүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалымат тутумдарынын корголушу өзгөчө тынчсыздандырууда. Тактап айтканда, сөз «Түндүк» системасы, салык кызматтары жана мамлекеттик реестрлер жөнүндө болуп жатат.
«УКМК, жоюлган Санариптик өнүктүрүү министрлигинин функциялары өткөрүлүп берилген Президенттин Иш башкармалыгы, ошондой эле Министрлер кабинети мамлекеттик сайттарды жана жарандарыбыздын жеке маалыматтарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрдү деп ишенем», — деди Бекешев.
Ал жооптуу органдар мамлекеттик маалыматтык системаларды ыкчам текшерип, мүмкүн болгон аялуу жерлерди жок кылды деген үмүтүн билдирди.
«Санариптештирүү чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бирок мамлекет жарандардын маалыматын канчалык көп сактаса, алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилиги да ошончолук жогору болот», — деп баса белгиледи депутат.