Бишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынды

27.10.2026 | 10:23
Бишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында бирдиктүү дизайн-коддун негизинде бюджеттик каражатка оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынды. Борбор калаанын мэриясы бул боюнча №353-т тескеме 2026-жылдын 13-октябрында бекитилгенин билдирип, тургундарга эскертүү берди.

Имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери шаардын Чүй, Жибек Жолу, Чыңгыз Айтматов проспектилеринде жана Жусуп Абдрахманов көчөсүндө жүргүзүлгөн.

Тескемеге ылайык, имараттардын түсүн өзгөртүүгө, сыртын кайра каптоого, кире бериштерди орнотууга, балкондорду айнектөөгө, ошондой эле кондиционер, көрнөк жана жарнамаларды уруксатсыз илүүгө жол берилбейт.

Мэрия курулмалардын көрүнүшүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы токтому менен бекитилген эрежелердин негизинде гана аткарылышы шарт экенин белгилейт.

Эреже бузгандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107 жана 434-беренелерине (тышкы жарнаманы эреже бузуу менен жайгаштыруу жана ыйгарым укуктуу органдын талаптарын аткарбоо) ылайык чаралар көрүлөт.

Scroll to Top