Кыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда

26.10.2026 | 11:55
Кыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда биологиялык активдүү кошулмаларды (БАД) жарнамалоого карата талаптарды күчөтүү сунушталууда. Сатуучуларга аларды дары-дармек катары көрсөтүүгө, жарнамада дарыгерлердин образдарын, диний символиканы жана балдарды колдонууга тыюу салуу каралууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Калпаев парламенттин кароосуна киргизди.

Өзгөртүүлөрдү «Жарнама жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында белгиленгендей, демилгенин максаты — жарандарды ак ниетсиз жарнамадан жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн биологиялык активдүү кошулмалардан коргоо.

Демилгечинин айтымында, акыркы убакта Кыргызстанда БАДдардын сатылышы кыйла көбөйгөн. Ошол эле учурда рынокто Кыргызстанда да, Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүндө да мамлекеттик каттоодон өтпөгөн продукциялар бар.

Документте мындай кошулмалар коопсуздукту баалоонун белгиленген жол-жоболорунан, анын ичинде лабораториялык изилдөөлөрдөн өтпөгөндүктөн, керектөөчүлөрдүн ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экени белгиленген.

Мыйзам долбоорунун авторун өзгөчө биологиялык активдүү кошулмаларды ооруларды дарылоочу каражат катары көрсөткөн жарнамалар тынчсыздандырууда.

Кыргызстанда 2017-жылга чейин БАДдар юридикалык жактан дары-дармек каражаттарына теңештирилип келген. Кийинчерээк алар азык-түлүк продукциясынын категориясына киргизилген. Буга карабастан, айрым өндүрүүчүлөр жана сатуучулар биологиялык кошулмаларды дары катары жарнамалоону улантышууда.

Негиздеме-маалымкатта социалдык тармактарда жана интернетте мындай продукцияны жайылтуу үчүн ак халат кийген адамдар, медициналык буюмдар жана башка атрибуттар колдонулуп, товар дарыгерлер тарабынан сунушталгандай таасир калтырылары айтылат.

Мындан тышкары, жарнамаларда диний символдор, диний ишмерлердин образдары жана сатып алуучулардын ишенимин жаратууга багытталган билдирүүлөр кездешет. Айрым учурларда БАДдарды жарнамалоого балдар да тартылып, ата-энелердин сезимдерине таасир этүү аракети жасалат.

Демилгечи мындай жарнаманын кесепети кооптуу болушу мүмкүн экенин эскертет. Сатуучулардын убадаларына ишенген оорулуу адам зарыл болгон медициналык дарылоодон баш тартып, анын ордуна биологиялык кошулмаларды колдонуп башташы мүмкүн.

Эмнелерге тыюу салуу сунушталууда?

Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн БАДдарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда.

Ал эми каттоодон өткөн биологиялык кошулмаларды жарнамалоодо төмөнкү ыкмаларды колдонууга жол берилбейт:

  • БАДдарды дары-дармек каражаты катары көрсөтүүгө же дарылык касиети бар деп айтууга, анын ичинде конкреттүү ооруларды жана алардын белгилерин эскерүүгө;
  • медицина кызматкерлеринин образдарын жана медициналык ишмердүүлүктү туураган атрибуттарды колдонууга;
  • диний символиканы жана диний ишмерлердин образдарын пайдаланууга;
  • жашы жете электердин образдарын колдонууга же жарнаманы түздөн-түз балдарга багыттоого;
  • адамдардын оорудан айыккан конкреттүү учурларына, ден соолугунун жакшырганына жана керектөөчүлөрдүн ушундай натыйжалар тууралуу пикирлерине шилтеме жасоого.

Демек, сатуучулар оорулардан айыктырууну убада кылган, биологиялык кошулмаларды колдонгондон кийин айыгып кеткен делген адамдарды көрсөткөн же медициналык кийимчен адамдар аркылуу продукцияны жайылткан жарнамаларга тыюу салынышы мүмкүн.

Кандай айып пулдар каралган?

Мыйзам бузгандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 405-беренеси боюнча жоопкерчилик колдонуу сунушталууда.

Учурда бул берене айрым товарлардын, анын ичинде дары-дармек каражаттарынын жарнама эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды карайт. Мыйзам долбоорунда бул тизмеге биологиялык активдүү кошулмаларды да кошуу сунушталган.

Айып пулдун өлчөмү жеке жактар үчүн 150 эсептик көрсөткүчтү же 15 миң сомду, ал эми юридикалык жактар үчүн 350 эсептик көрсөткүчтү же 35 миң сомду түзөт.

Ошол эле учурда сөз БАДдардын жарнамасына толук тыюу салуу жөнүндө эмес, аларды жайылтуунун айрым ыкмаларын чектөө жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн продукцияны жарнамалоого тыюу салуу тууралуу болуп жатат.

Негиздеме-маалымкатта биологиялык активдүү кошулмалар Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш экени да түшүндүрүлгөн. Эгер продукция ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн биринде каттоодон өтүп, тиешелүү күбөлүк алса, ал биримдиктин башка мамлекеттеринде да жарактуу деп таанылат.

Кыргызстанда БАДдарды каттоону Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жүргүзөт.

Scroll to Top