Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Министрлик: Кыргызстанда 9 дарыгер коронавирус жуктуруп алды
04.04.2020 | 10:36
Кыргызстанда 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
“Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр”, – деди ал.
Бүгүн, 4-апрель саат 10:00гө карата өлкөдө СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды.
Жалпысынан республика боюнча бул ооруга чалдыккандардын жалпы саны 144 адамга жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом